Ахмет Байтурсын уулунун китебинин араб тилиндеги түп нускасы табылды

Ахмет Байтурсын уулунун китебинин араб тилиндеги түп нускасы табылды

Павлодар облусунда Ахмет Байтурсын уулунун «Маса» китебинин түп нускасы табылды. Араб тили менен жазылган китептин 93 бети сакталып калган. Абдан эскирип, барактары саргайып кеткен чыгармага кеминде жүз жыл болгон. Китептин мукабасы сакталбагандыктан, кайсы жылы чыкканын так айтуу кыйын. Маалым болгондой, «Маса» китеби 1911 жана 1914-жылдары Орунбордо жарык көргөн. Баалуу эстеликти Аккулу районундагы Шака айылынын тургуну Нурлан Касымов облустук Букар Жырау атындагы адабият жана искусство музейине тапшырган. Чыгарма көп жылдар бою ата-энесинин үйүндө үй-бүлөлүк мурас катары сакталып келген.

Ербол Кайыров, Букар жырау атындагы адабият жана искусство музейинин мүдүрү:

- Аны иреттеп көрсөк, үч китеп болуп чыкты. Алардын бири Ахмет Байтурсыновдун «Маса» деген жыйнагы. Анда ошол кездеги кырдаал, турмуш, коомдук абалы тууралуу жазылган ырлары бар. Ошондой эле Лермонтовдун котормолору да камтылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков