Казакстан өзүнүн транспорттук жана транзиттик дараметин жогорулатууда. Республикада Алматы — Жетиген — Казыбек айланып өтүүчү жаңы темир жолдун курулушу башталды. Бул сызык Казакстан аркылуу Борбор Азияга, Европага жана Каспий деңизинин портторуна транзиттик жүктөрдү жеткирүү жана өтүү мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет. Темир жолдун курулушуна старт берүү аземине өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов катышты. Бардыгы болуп 130 чакырым трасса төшөлүп, 3 станция курулат. Белгилей кетсек, инфраструктуралык долбоор Казакстандын президентинин тапшырмасы менен жүзөгө ашырылууда.
Канат Альмагамбетов, «Жетыген –
Казыбек бек КТЖ» улуттук компаниясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары:
-Бул темир жол линиясы,
биринчиден, транзиттик поезддердин өтүүсүн камсыздайт. Алардын убактысын 1,5-2
күнгө чейин кыскартып, жүрүшүн тездетет. Албетте транзиттик жүк ташуулардын
көлөмү көбөйөт. Алматы хабындагы жүк
жөнөтүүчүлөрдүн жана жүк алуучулардын ишин кыйла жеңилдетет. Менин оюмча 2024-жылдын
аягы, 2025-жылдын башында ишке берилгенден кийин поезддерди, анын вагондорун,
жүктөрүн кабыл алуу боюнча иштин жакшырганы сезилет.
Белгилей кетсек, Казакстанда ата мекендик өнүмдү үзгүлтүксүз экспорттоону камсыздоо жана транзиттик жүк агымын кеңейтүү үчүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жигердүү иштер уланууда. Ага ылайык, кубаттуулукту жогорулатуу үчүн Достук – Мойынты тилкесинде экинчи жол курулууда. Жакынкы келечекте Дарбаза-Мактаарал жана Бахты-Аягөз темир жол линияларын курууну баштоо мерчемделген. Жалпысынан үч жылдын ичинде 1300 чакырымдан ашык темир жол курулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков