Казактын боз үйү Германияда өткөн көргөзмөдө көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду

Казактын боз үйү Германияда өткөн көргөзмөдө көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду

Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинен билдиришкендей, Берлинге өлкөнүн кол өнөр чеберлери менен сүрөтчүлөрүнүн колунан жасалган, казактын салтына ылайыкталган түзүлүшү, тигүү, жыгуу, мода өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен казак салтына ылайык жабдылган жасалгоолор, көчмөндөр үчүн баш калкалоочу жай алынып келинген. Элдин улуттук жана заманбап тамактары да келген коноктордун көңүлүнө толду. Белгилей кетсек, Германиянын борборуна Казакстандын туристтик компанияларынын жана мейманканаларынын 30 өкүлү келген. Ата мекендик туризм ишканалары өздөрүнүн кызматтары тууралуу айтып, жаңы бизнес мамилелерин түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты. ITB Berlin көргөзмөсү жыл сайын 180ден ашык өлкөдөн 10 000ге жакын туризм тармагынын өкүлдөрүн чогултат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков