Москвада этно стилде кофейня ачылды

Москвада этно стилде кофейня ачылды

Сыр даамы бар латте же таруу кошулган капучино. Эми Орусиянын борборунун тургундары бул экзотикалык суусундуктардан даам сыза  алышат. Москванын борборунда этно-кофейня ачылды. Бул жерде казактын улуттук тамак-ашынан бир жарым миңден ашык түрлөрү этнографиялык изилдөөлөрдүн негизинде Казакстандын аймактарына болгон экспедициялардын натыйжасында иштелип чыккан. Ошондой эле, менюда Түркестандын тоо гүлдөрү, өлкөнүн түндүгүндө өскөн миңжалбырак, ошондой эле түштүк аймактарда өскөн жийде кошулган чайдын түрлөрү бар. Заманбап ыкмаларга ылайыкталган, ошондой эле адал стандартына шайкештендирилген көчмөндөрдүн тамак-ашы орусиялык мегаполис үчүн жаңычылдык. Ашкананы ачуудагы максат - казак элинин философиясын таанытуу болду дейт автор. Буга байланыштуу алдыдагы убакытта башка өлкөлөрдө да жаңы түйүндөрдү ачуу пландалууда.

Айгерим Мусагажинова, этнограф:

- 2012-жылы алтын адам – Таксай ханышасы табылды. Жапон  окумуштуулары изилдөө жүргүзүштү. Ошол учурда чөйчөк табылып, түбүндө таруунун калдыгы бар экени аныкталган. Бул таруу колдонуу салты кылымдардан бери уланып келе жатканын билдирет. Ал бүгүнкү күнгө чейин жетти. Биздин долбоордо тарууну нан азыктарына, таттууларга, ар кандай тамактарга колдонобуз.

Ратбек Садуакасов, башкы-ашпозчу:

- Казактын тамактарынын түрдүүлүгүн гана эмес, анын даамын да көрсөтүшүбүз керек. Бир тамакты абдан даамдуу, ошондой эле тарыхый тамакка айландыруу үчүн бир нече жума керектелет. Анткени ар бир тамактын өзүнүн тарыхы, өзүнүн каада-салты бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков