Казакстандыктар экологияны коргоого өзгөчө көңүл бура баштады

Казакстандыктар экологияны коргоого өзгөчө көңүл бура баштады

Адамзат пластикага каршы согуш жарыялады. Айлана-чөйрөнү булгабоо үчүн кеңири тараган турмуштук калдыктардын аталган түрүн кайра иштетип, анын ордуна зыяндуулугу аз болгон альтернативага алмаштырууда. Буга тиешелүү көптөгөн мыйзамдар иштелип чыгууда. Эл аралык изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, бир жумада бир банк картасын жасоого жетиштүү болгон пластик адам организмине кирет.

Айнур Батырханова, калдыктарды пайдалануу боюнча уюмдун менеджери:

- Көптөгөн изилдөө иштеринин жыйынтыгы көрсөткөндөй, азыр адамдын организминде микропластикалар бар болуп чыгууда, атүгүл жаңы төрөлгөн ымыркайларда дагы бар. Ал эне сүтүндө, Эвересттин чокусунда, Мариан ойдуңунда дагы кездешет. Адамдар ал жерде желим колдонушпайт, бирок ошол жакка чейин жетип жатат. Пластик толугу менен жоголуп кетпейт, башкача айтканда, анын тамак-аш чынжыры аркылуу жетпей турган жери жок. Ошондуктан пластик бардык жакка тарап, жайылып жатат.

Бул маселе казакстандыктарды дагы тынчсыздандырбай койбойт. Адистердин айтымында, жергиликтүү калктын экологиялык маданияты жакшырууда. Мисалы, коомчулук полиэтиленден жасалган желим баштыктарды азыраак колдоно баштады. Анын ордуна, адамдар кездемелерден жасалган био-баштыкчаларды көбүрөөк колдонууга өтүштү.

Блиц.

- Бул албетте, биринчи кезекте айлана чөйрөнү коргоонун камы. Кадимки баштыктарды колдонбоо акча үнөмдөөнүн бирден бир жолу. Био желим баштыктар өтө ыңгайлуу, экөө тең узак убакыт пайдаланууга жарайт. Полиэтиленден жасалганы керек эмес.

- Экология үчүн алып жатабыз. Менимче, биз полиэтиленди азайтып, ушундай экологиялык таза баштыктарды колдонуп жатабыз. Мындай баштыктар абдан натыйжалуу жана экологиялык жактан таза.

- Баарынан мурда, мен мындай баштыктарды жаратылышты коргоо үчүн сатып алам. Экинчиден, бул турмушта абдан зарыл затка айланды. Бир нече жолу колдонууга болот.

Жаратылышты коргоочулар мындай жаңы тенденцияны ири соода борборлорунун максималдуу колдонуусу кубандырат, дешет. Азыр алардын көпчүлүгү сатып алуучуларга полиэтилендин ордуна био-баштыкчаларды сунушташат. Буга кошумча, зыяндуу баштыктар келген конокторго бекер берилбейт. Көпчүлүк адамдар баштыкча үчүн акча короткусу келбейт. Мындай жакшы демилгелердин аркасында бир гана ири дүкөндө желим баштыктарды колдонуу көрсөткүчү 60 пайызга чейин кыскарган.

Асел Айтмагамбетова, Нур-Султан шаарынын гипермаркет менеджери:

- Сатып алууларды жүргүзүү үчүн биздин кызматтардан пайдаланган адамдарга био желим баштыктарды сунуштайбыз. Ошондой эле, желим идиштерди зыяны жок экологиялык жактан таза түрлөрүнө алмаштырдык. Натыйжада, ондогон миллион желим баштыктары айлана-чөйрөгө ташталган жок. Биздин демилгени колдогон сатып алуучуларга ыраазычылык билдиребиз. Башкалары алардан үлгү алышы керек.

Айнур Батырханова, калдыктарды пайдалануу боюнча уюмдун менеджери:

- Бүгүнкү күндө «Zero Waste» деп аталган тажрыйба коомчулукта жакшы жолго коюлган. Башкача айтканда, өз баштыгыңыз менен келүүнү адатка айландыруу. Ошондуктан, биз баардык жарандарды жаратылышты коргоого жана айлана чөйрөнү булгабоого чакырабыз. Желим баштык сатып алган күндө дагы, кам санабоого болот. Аларды кайра иштетүүчү жайларына өткөрүп берүүгө болот. Биринчи кезекте, аларды ар кандай таштандылардан жана майлардан тазалап алууну унутпоо керек.

Баштыктарды жууп, тазалап, калдыктарды кайра иштетүүчү компанияларга тапшырууга болот. Ошол учурда анын зыянына караганда пайдасы көбүрөөк болот. Мисалы, желимден жасалган идиштер менен баштыктар 7 жолу иштетүүгө чейин жарайт. Бирок баары бир аларды таштандыга ыргытууга туура келет. Эко-активисттердин айтымында, бул маселени чечүү үчүн атайын мыйзам кабыл алуу керек. Адистер документ жарандарды таштандыларды туура сорттоого милдеттендириши керек деген пикирде. Ошол эле учурда, ар бир адам өзүнүн айланасын булгабоо үчүн эмне кылышым керек деп ойлонушу зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков