Өлкөнүн өсүүсү жана гүлдөп-өнүгүшү мекенчил жаштардын колунда. Казакстан Республикасынын Мамлекеттик символдорунун күнүнө жана өлкөнүн көзкарандысыздыгынын 30 жылдыгына карата борбор калаада «Биз өлкөнүн патриотторубуз» аттуу эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Иш-чарага Азербайжан, Беларус, Кыргызстан, Орусия, АКШ, Түркия жана Франциянын жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Алар ар бир жаран жасаган иши үчүн жоопкерчиликти алуу менен мамлекеттин гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошот деп эсептешет.
Саулет Калдашов, РКнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы аскерий медицина башкармалыгынын офицери, медицина кызматынын подполковниги:
- Ар бир жаран өзүнө жүктөлгөн кичинекей аймакта жоопкерчиликти алып, аны жакшы аткарса, мамлекеттин өнүгүшүнө жана мамлекеттин жыргалчылыгынын өзгөрүшүнө чоң салым кошту деп ойлойм. Ошол себептен мына ушундай жаштар жана мекенин сүйгөн адамдар гана өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө өз салымын кошот деп ойлойм. Ошондуктан, бардык күч-аракетибизди жаштарды тарбиялоого, аларды мекенин сүйүүгө жана патриоттулук сезимдерин ойготууга жумшашыбыз керек.
Мындай пикирге жаш инженер, Илон Маск турниринин финалисти Санжар Тайжан да кошулат.
Санжар Тайжан, инженер:
- Бүгүнкү күндө ар бир казакстандык өлкөсүнө өз салымын кошуп жатат. Ал эми технология жаатындагы адис катары өлкөбүздө кызыктуу долбоорлорду көрсөтүүгө жана жасоого аракет кылам. Бул долбоорлор келечекте элибизге жакшы жана жеңил жашоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Менин оюмча, ар ким өз иши менен алектенүү менен бирге элибиздин жыргалчылыгы үчүн жасашы керек деп ойлойм.
Бүгүнкү күндө Казакстанда жаштарды колдоо боюнча 2025-жылга чейинки комплекстүү план ишке ашырылууда. Өлкөдө 547 жигердүү жаштар уюмдары иш алып барат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков