«Астана Опера» театры «Сильфида» балетинин бет ачарын сунуштайт

«Астана Опера» сахнасында чыныгы жана фантастикалык дүйнө жолугушат. Театр өнөр сүйүүчүлөр коому кезектеги премьерасын тартуулайт. Калаанын өнөр борборунда Герман Левенскольддун «Сильфида» балетинин бет ачары болот. Жаңы стилде сунуштала турган популярдуу спектаклди аяк оона айынын 29у 30у күндөрү жана тогуздун айынын 1и 3ү аралыгында  көрүүгө болот. Труппанын жетекчиси Алтынай Асылмуратованын айтымында, спектаклди мыкты классикалык стилде коюуга аракет кылган. Башкача айтканда, романтикалык балеттин символуна айланган мыкты чыгарманын түпкү мааниси мүмкүн болушунча сакталган.

Алтынай Асылмуратова, «Астана Опера» театрынын балет труппасынын көркөм жетекчиси:
-Бизде дагы үч тентек кыз бар. Бул терс каармандарды үч гана адам ойнойт. Бул Травести партиясы, аны эркектер да, аялдар да аткара алышат. Максаты – бул образдар аркылуу алардын чыныгы табиятын, жаман пейилин жеткирүү. Мындай образдар бири-биринен такыр башкача. Ар биринин өзүнүн сыры бар. Ошонусу менен кызыктуу. Труппаны мүмкүн болушунча ушул спектаклге коюуга аракет кылдым.

Бул жаатта негизги бөлүгү – Сильфиданы бир эле учурда 4 солист аткарып жатканында. Спектаклде башкы каарманды Анастасия Заклинская, София Адилханова, Шугыла Адепхан жана Мадина Өнербаева ойношот. Акыркысы бул образды шаардык театрдын сахнасында алып чыккан. Бул ирет сахнанын жасалгасынан баштап, жомоктогудай костюмдарына чейин таасирдүү декорация спектаклге башкача өң бергендей болду дейт ал.

Мадина Өнербаева, театрдын жетекчи солисти, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:
-Мен анда абдан жаш болчумун. Ошондуктан мен бул ролдун татаал жактарын толук түшүнгөн жокмун. Убакыттын өтүшү менен тажрыйба жыйналды. Учурда мен үчүн Сильфида таптакыр башка жагынан ачылды. Мен стилиме дал келген Сильфида таптым деп ойлойм. Бул башкы каармандын образын Алтынай Абдуахимовна менен өткөн сезондун аягынан бери даярдап жатабыз. Азыр акыркы даярдыктар жүрүүдө.  Биз сахнада 4 окшош Сильфидабыз. Бирок алар бири-биринен айырмаланат. Анткени ар ким өзүнүн образын өзүнчө сезет. Мен ички дүйнөм менен байланышкан жаңы образды көрсөткүм келет.

Салттуу шотланд ырлар, сыйкырдуу каармандар, жаш дыйкан жана пери жөнүндө укмуштуудай окуялар желеси, эч кимди кайдыгер калтырбасы анык.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков