Казакстанда уникалдуу арт-долбоор ишке берилди

Казакстанда уникалдуу арт-долбоор ишке берилди

Казакстанда ата мекендик сүрөтчүлөрдүн эмгектерин санариптештирүүгө мүмкүндүк берген уникалдуу арт-аянтчасы пайда болду. Бул долбоор жергиликтүү искусствону кеңири жайылтууга жол ачат. Стартаптын автору швейцариялык бизнесмен Глеб Штрайб. Белгилей кетсек, буга чейин анын жеке кесиби искусство дүйнөсү менен такыр байланышы жок болгон. Казакстандык кыл калем чеберлеринин эмгектеринен шыктанган чет элдик ишкер бул арт-долбоорду ишке ашырууга бел байлаган. Кененирээк уникалдуу демилге менен таанышып кайткан кабарчынын материалынан тааныша аласыздар.

Казак жери өнөргө бай. Өзүнүн ички дүйнөсү менен ой-пикирин, көргөн-сезгенин кагаз бетине мыкты түшүрө алган сүрөтчүлөр өлкөдө аз эмес. Ар биринин башкага окшобогон өзүнүн уникалдуу кол тамгасы бар. Ошондуктан Глеб эч кайсы жерде кездешпеген чыгармаларды жаратып жүргөн казакстандык кыл калем чеберлеринин өнөрү менен дүйнөну таң калтырууну чечкен. Бүгүнкү күндө анын арт-платформасы жүздөгөн жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн миңден ашык эмгектерин бириктирет. Анын катары күндөн күнгө көбөйүп келет.

Глеб Штрайб, арт-долбоордун автору жана негиздөөчүсү:

Менин максатым – Казакстандагы көркөм чыгармалардын бирин калтырбай санариптештирүү. Анда үй иштеринен баштап, чыныгы таланттуу сүрөтчүлөрдүн эмгектерине чейин камтылат. Искусстводо чек жок. Бул Казакстанга карата айтылган сөз. Менден бул сүрөттөрдү кайдан тапса болот деп көп сурашат. Чын куран айынан баштап бул ишке активдүү киришебиз. Менин командам алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерде иштешет.

Жакында бул долбоор Алматыда кеңсенин ачылышы менен ишке берилди. Бир айдан кийин борбор калаада бул иштер улантылат. Глеб фото-сүрөт, IT, дизайн жана маркетинг адистеринен түзүлгөн команданы чогултту. Келерки көздөгөн максат - Казакстанда долбоорду кеңейтип, андан соң дүйнө жүзү боюнча өнүктүрүү. Сүрөтчүлөрдүн баары каттоодон өтүшү керек. Калганын адистер чечет. Эң негизгиси чыгармаларды дүйнөгө жайылтууга жол ачылат. Чыгармачылык чөйрөдө Ассоль каймана аты менен таанылган Асел Сабыржан кызы кызматташуунун жакшы жактарын буга чейин эле баалап келгенин айтат. Көпчүлүк аны ушул көркөм өнөрдүн майын чыгара билген мыкты сүрөтчү катары билишет. Кыл калем чебери карандаш менен эскиз даярдоодон баштап гиперреалисттик иштерди жасайт. Бардык суроо-талаптарды канааттандырууга убакыт жетпей жатканына кейийт. Бул аталган көйгөйдү чечкен жалгыз долбоор болмокчу.

Асел Сабыржан кызы, сүрөтчү:

Биринчиден, менин бардык эмгектерим бир жерден табыла турган атайын сайт түзүлгөнүно кубандым. Бул абдан ыңгайлуу. Анда ар бир жумуштун баасы көрсөтүлөт. Адамдар салыштырмалуу бардыгын карап чыгып, жактырган сүрөттү тандай алышат. Ал үчүн атайын жолугушуунун кереги жок. Бул эки тарапка тең пайдалуу. Биздин алтын убактыбыз сакталат. Кардар өзүнүн суроолорун тиркеме аркылуу жөнөтө алат. Ошондой эле, алар эч жакка барбастан менин жумушумду жеткирүү үчүн логистика жагын да өздөрү уюштуруп берет. Мен бул учурда чыгармачылык менен алектенип, жаңы чыгармаларды жарата берем. Ошондутан бул долбоордун сүрөтчүлөргө пайдасы көп.

Тиркеменин ишине келсек, маркетплейсте жайгаштырылган сүрөттөр жанр, тема, мезгил жана авторлор боюнча жекече классификацияланган бир нече топко бөлүнөт. Искусство адистеринин тобу эң таланттуу сүрөтчүлөрдү жана кол өнөрчүлөрдү тандоо үчүн атайын изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ар биринин табитине жана капчыгына жараша тандоо бар. Сизге жаккан товарды сатып алуу үчүн бир гана баскычты басуу керек же QR-кодду колдонууга болот.

Которгон: Илгиз жамалбеков