Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча республикалык референдум ачык жана мыйзам бузууларсыз өттү. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Чжан Мин борбор калаада өткөн атайын брифингде билдирди. Анын айтымында добуш берүү шайлоо мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык жүзөгө ашты. Эске салсак уюмдун атынан 17 байкоочу катталган.
Чжан Мин, ШКУнун баш катчысы:
- Казакстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жергиликтүү жана эл аралык талаптарга ылайык өттү. Биздин уюмдун өкүлчүлүгү эч кандай мыйзам бузууларды каттаган жок. Саясий өнөктүк ачык болду. Демократиянын эрежелери сакталды. Бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигине жана референдумдун борбордук комиссиясына ыраазычылык билдиребиз.
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да референдумда олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын, шайлоо участкаларында абал туруктуу экенин белгилешти. Алардын айтымында, шайлоочулардын катышуу көрсөткүчү жогору болду. Бул референдум өттү дегенди билдирет. Ага жалпы 25 өлкөнүн жана 11 эл аралык уюмдун өкүлдөрүнөн 272 чет элдик байкоочу катышты.
Аркадий Кошеев, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин ага кызматкери:
- Жалпысынан референдум жогорку деңгээлде уюштурулду. Эң негизгиси маалыматтык даярдыкты белгилегим келет. Маалымат бардык байланыш каналдары аркылуу жеткиликтүү болду. Буга телевидение, интернет жана басма сөз каражаттары кирет. Атайын сайттар да жакшы уюштурулган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков