"Мыкты кыска метраждуу тасма" номинациясында режиссер Рамазан Халиолланын Barn тасмасы, "Мыкты даректүү тасма" номинациясында режиссер Акбөбек Толжанованын "Уйкудагы сулуунун ойгонушу" жана режиссер Алмас Максуттун "Segiz", "Евразиянын мыкты киносу" наамында Марина Конарованын «Улы дала зары» фильми жарышууда. Жалпысынан быйыл Евразия кинофестивалына 18 өлкөдөн арыз түшкөн. Тактап айтканда, Казакстандан тышкары Улуу Британия, Украина, Израил, Грузия, Азербайжан, Франция, Беларус, Аргентина, Орусия, Армения, Өзбекстан, АКШ, Иран, Польша, Швеция, Молдова, Кыргызстан катышууда. Фестивалдын уюштуруучуларынын айтымында, иш-чара бугу айынын 30на чейин уланат.