Үч айда казакстандык авиакомпаниялар 2 миллион жүргүнчү ташыды

Үч айда казакстандык авиакомпаниялар 2 миллион жүргүнчү ташыды

Ата мекендик авиакомпаниялар жыл башынан бери 2 миллионго жакын жүргүнчүнү ташыды. Өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүч 5%га өскөн, демек пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу 17%га көп. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ошентип, ички жүргүнчүлөрдүн агымы 1,5 миллион адамды түзсө, эл аралык каттамдарды 500 миң адам колдонгон. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 5 ата мекендик авиакомпания 57 ички каттамдарды аткарат. 24 өлкөгө эл аралык 77 каттам боюнча учат. Алар Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Египет, Түштүк Корея, Нидерланды, Улуу Британия, Мальдив аралдары, Таиланд, Катар, Кувейт, Сауд Арабиясы жана башка мамлекеттер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков