Казакстандын БУУнун негизги максаттарын жана принциптерин ишке ашыруудагы ролуна уюмдун башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мухаммед республиканын Тышкы иштер министрлигинде массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда баа берди. Ал Казакстандын региондук жана эл аралык деңгээлдеги туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жигердүү катышуусун белгиледи. БУУнун бул багыттагы аракети өлкөгө мындан аркы колдоосун кеңейтүүгө өбөлгө түзөөрү анык деп кошумчалады ал. Эл аралык уюмдун өкүлү Казакстандын көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүгө умтулуусу Борбор Азиянын башка мамлекеттери үчүн үлгү болушу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, чет элдик конок Казакстанда улуттук реформаларды жана жалпы элдик референдумду өткөрүү боюнча пикирин билдирди.
Амина Мухаммед, БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары:
- Казакстандын президенти 2060-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү максатын койду. Мындай жараян жаңы бизнес моделдин калыптанышына кандай таасир этет жана жалпысынан жашыл экономикага карай кандай жол болот? Биз бул максаттын аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Биз Казакстандагы саясий реформа процессин, өзгөчө жакында өткөн референдумду эске алуу менен кубаттайбыз. Аны 2022-жылы өткөрүү чечими Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоого алынган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков