Бүгүн Астанада эки эл аралык форум өтөт. Алардын бири Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны. Пандемиядан бери биринчи жолу жыйынга мүчө өлкөлөрдүн дээрлик бардык лидерлери онлайн түрдө катышат деп күтүлүүдө. Саммиттин жүрүшүндө Улуттар Шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук чөйрөлөрүндөгү мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланат. Күн тартибинде - мамлекет башчылары жакынкы үч жылга терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуунун кезектеги программасын бекитишет. Жыйындын соңунда Касым-Жомарт Токаев Казакстандын КМШга төрагалык кылуусун жыйынтыктайт. Андан соң Борбор Азия – Орусия саммити өтөт. Бул жерде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери 6 тараптуу форматта өнөктөштүктүн келечегин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Евразиялык мейкиндикте аймактык кызматташтык маселелери боюнча биргелешкен билдирүүнү кабыл алуу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков