Казакстан менен Кыргызстан инвестицияларды коргоо тууралуу жаңы келишимге келди

Казакстан менен Кыргызстан инвестицияларды коргоо тууралуу жаңы келишимге келди

Казакстан менен Кыргызстан инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөдө. Өлкөнүн Сенаты муну көздөгөн келишимди жактырды. Мурунку документ болжол менен 30 жыл мурун түзүлгөн. Эми жаңы келишим эл аралык жана улуттук мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү эске алат. Жаңы документ өз ара капиталды алмашуу иш-аракеттерине байланыштуу маселелерди жөнгө салат. Башкача айтканда, инвестиция эки өлкөдө адилеттүү жана тең укуктуу режимде толугу менен корголот. Коопсуздук механизмдери күчөтүлөт. Мындай стратегиялык өнөктөштүк Борбор Азиядагы аймактык интеграцияны андан ары өнүктүрүүгө жол ачат дейт сенаторлор. Белгилей кетсек, 2005-жылдан бери Казакстан боордош мамлекетке 1,3 млрд доллар инвестиция салган. Өткөн жылы өз ара товар жүгүртүү 1,7 миллиард долларга жетти. Анын көпчүлүк бөлүгү экспорттун үлүшүнө туура келет. Коңшу өлкөгө жөнөтүлгөн ата мекендик өнүмдүн көлөмү дээрлик 10%га өстү.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Каралган макулдашуу инвестициялык климатты жакшыртуу жана эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Документте бир мамлекеттин инвесторлорунун экинчи мамлекеттин аймагына инвестициялоосу үчүн тартымдуу шарттарды түзүү каралган. Жалпысынан, бул мыйзам боордош өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдайт деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков