Аба мейкиндигинде Кытайдын туусунун түстөрү, салтанаттуу сап түзөө. Акорда өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасын мына ушундай тосуп алды. Си Цзиньпиндин кортежин президент Касым-Жомарт Токаев өзү кабыл алды. Салтанаттан кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген курамда жыйын өткөрүштү. Президент бардык багыттар боюнча тез өнүгүп жаткан казак-кытай кызматташтыгына жогору баа берди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга чоң салым кошууда. Өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 41 миллиард доллардан ашты. Бул рекорддук көрсөткүч. Азыркы учурда 45 биргелешкен инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Анын жалпы баасы 14,5 миллиард долларды түзөт. Долбоорлор өнөр жай, энергетика, транспорт жана транзит, жашыл экономика, айыл чарба жана башка тармактарды камтыйт. Ошол эле учурда эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштар жандана баштады. Урматтуу төрага, бул жетишкендиктердин бардыгы сиздин жеке колдооңуздун аркасында ийгиликтүү ишке ашканын баса белгилегим келет.
Өз кезегинде Кытайдын Төрагасы Казакстандын тез өнүгүп жатканына дагы бир жолу күбө болгонун белгилеп, Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астында казак эли жаңы, күчтүү жана гүлдөгөн Казакстанды түзөөрүнө ишеним билдирди.
Си Цзиньпин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы:
– Байыркы «Жибек жолуна» негизделген биздин мамлекеттердин достугу миңдеген жылдар бою тынымсыз чыңдалып келет. Дипломатиялык мамилелердин 32 жыл аралыгындагы кызматташтыктын натыйжасында биздин эки тараптуу мамилелерибиз түбөлүктүү жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн болуп көрбөгөндөй деңгээлине көтөрүлдү. Анын негизин түбөлүк достук, өз ара ишеним жана кызматташтык түзөт. Эл аралык кырдаал кандай гана өзгөрбөсүн, биздин достукту сактоого умтулуубуз, көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чечкиндүүлүгүбүз, негизги маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүүгө болгон умтулуубуз, улуттук өнүгүү милдеттерин аткарууга болгон ишенимибиз өзгөрбөй турганын ырастагым келет.
Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпин бир катар объектилердин салтанаттуу ачылышына жана телекөпүрө режими аркылуу Транскаспий эл аралык транспорт каттамына жүк ташуучу унааларды жана темир жол контейнерлерин жөнөтүү аземине катышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков