Казакстанда сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү күчөтүлөт

Казакстанда сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү күчөтүлөт

2018-жылдан бери Казакстанда сейрек кездешүүчү жана сейрек жер металлдары тармагын өнүктүрүүгө 67 миллиард теңге инвестиция салынды. Геологиялык чалгындоо иштери бүгүнкү күндө 100 миң чарчы километрден ашык аймакты камтыйт. Өткөн жылы эле өлкөдө 38 келечектүү аймак ачылган, бүгүнкү күндө жер казынасын изилдөө дагы 25 аймакта жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу премьер-министрдин төрагалыгы алдында өткөн тармакты өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирилди. Республикада бериллий, тантал, ниобий жана башка металлдар өндүрүлөт. Мындан тышкары, галлий менен индийди алуу технологиялары бар. Келечекте өлкөдө аккумуляторлор, ысыкка чыдамдуу эритмелер жана жарым өткөргүчтөр үчүн материалдарды чыгарууну жолго коюу пландаштырылууда. Олжас Бектенов өндүрүштү активдештирүүнү жана сейрек кездешүүчү металлдар боюнча аймактык изилдөө борборун түзүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, өлкөнүн металлургия түзүмүндө акыркылардын өндүрүшүнүн үлүшү азыр 2,5%ды түзөт.

Которгон: Назира Бегалиева