Астана эл аралык форуму кызматташтыкты өнүктүрүүнүн уникалдуу аянтчасына айланды

Астана эл аралык форуму кызматташтыкты өнүктүрүүнүн уникалдуу аянтчасына айланды

Астана эл аралык форуму инновациялык демилгелерди жана жаңы идеяларды көп тараптуу диалог жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн уникалдуу аянтчасына айланды. Өлкөнүн борборунда өткөн иш-чара энергетика жана инновация тармагында кызматташууну бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана көндүмдөрдү бөлүшүү боюнча дагы бир маанилүү кадам болду. Бул тууралуу белгилүү фин компаниясынын вице-президенти билдирди.


Кеннет Энгблом, Wärtsilä компаниясынын вице-президенти, Финляндия:


- Бул форумда биз Казакстандын энергетика тармагынын ар кыл өкүлдөрү менен жолуктук. Бул чөйрөдөгү министр менен жолугушуу абдан жемиштүү болду. Казакстандын жашыл энергетика саясатына өтүүсүн чыдамсыздык менен күтөбүз. Менин оюмча, Казакстан абдан жакшы жолдо баратат, сиздерде жаңылануучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча жакшы пландар бар. Азыр мен жаңылануучу энергиянын үлүшүн 2030-жылга чейин 15%га, ал эми 2050-жылга чейин 50%га жеткирүү максаты жөнүндө айтып жатам.


Ал, эми италиялык инвесторлор Казакстанда өз өндүрүшүн ачууга ниеттенүүдө. Европа өлкөсүндөгү компаниялардын бири турбиналарды жасайт. Алар Алматыдагы үчүнчү жылуулук электр борборун курууга киришти. Компаниянын өкүлү Паоло Арригетинин айтымында, өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн ынгайлуу шарттар түзүлгөн.


Паоло Арригетти, Ansaldo Energia компаниясынын өкүлү, Италия:


- Биздин максат Казакстандагы бизнесибизди кеңейтүү. Бул үчүн биз туруктуу өкүлчүлүктү орнотобуз жана биздин өндүрүштү колдой турган жергиликтүү жеткирүү түйүндөрүнө таянабыз. Бул ишканалардын ортосундагы ишенимди чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Казакстандын өкмөтү акыркы он жылда өлкөнүн Борбордук Азиядагы пайдалуу географиялык ордун натыйжалуу пайдалануу жана коңшу өлкөлөргө «дарбаза» болуу боюнча чоң иштерди жасады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков