Astana Club эл аралык платформасы дагы бир жолу беделдүү серепчилердин башын бириктирди. Борбор калаада форумдун алтынчы сессиясы өтүп жатат. Жыйындын биринчи күнүндө энергетикалык каатчылык, климаттын өзгөрүүсү жана геосаясат сыяктуу негизги маселелер талкууга алынды.
Лидия Пархомчик, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунунун серепчиси:
- Биз бардык тармактарда, экономикалык да, геосаясий жактан да чоң өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз. Биз ошондой эле энергетикалык өзгөрүүлөрдүн жана климаттын өзгөрүшүнүн маанилүү экендигин көрүп жатабыз. Дүйнөлүк энергетикалык каатчылык чоң Евразиянын жана Казакстандын кызыкчылыктарына таасирин тийгизүүдө. Ошентип, биз каатчылык кырдаалдардан чыгуунун эң натыйжалуу жолдорун таба алуубузга мүмкүн деп ойлойбуз.
Astana Club клубунун эл аралык платформасында көтөрүлгөн салттуу темалардын бири - өзөктүк коопсуздук. Ал эми дүйнөлүк серепчилер Казакстандын өзөктүк куралсызданууга кошкон салымын жогору баалоосун улантууда.
Джонатан Граноф, Глобалдык коопсуздук институтунун президенти:
- Казакстанда 1400 ядролук дүрмөт бар болчу, алардын бардыгынан республика баш тарткан. Дүйнөдө өзөктүк дүрмөттөрдүн саны 65 миңден 14 миңге чейин азайды. Бул жетишкендик, биз ага умтула беришибиз керек. Мындай чечимге башка мамлекеттердин жетекчилерин Казакстандын тажрыйбасы түрткү болушу мүмкүн. Биз бул маселе боюнча кызматташууну улантып, сүйлөшүүлөрдү башташыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков