Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү болжол менен 2,5 миллиард долларды түздү. Жети айдын жыйынтыгы боюнча өлкө коңшу мамлекеттердин негизги тышкы соода өнөктөштөрүнүн «үчтүгүнө» кирди. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди. Жалпысынан Өзбекстандын негизги соода өнөктөшү Кытай, эки өлкө 7 миллиард долларга жакын соода жүргүзгөн. Экинчи орунда Орусия турат. Мамлекеттер ортосундагы өз ара алмашуу 5 миллиарддан ашты. Эске сала кетсек, 2022-жылы Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 5 миллиард долларга жеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков