Президент өлкөнүн Коргоо министрин кабыл алды

Президент өлкөнүн  Коргоо министрин кабыл алды

Мамлекет башчы Коргоо министри Руслан Жаксылыковду кабыл алды. Президент Куралдуу күчтөрдүн жогорку кол башчысы 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча ведомствонун ишмердүүлүгү тууралуу баяндаманы укту.

Атап айтканда, эл аралык машыгуулардын жыйынтыктары, аскерлерди күжүрмөн даярдоого жаңы ыкмаларды киргизүү, ошондой эле күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты колдоо боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу. Жолугушууда өзгөчө көңүл заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен жабдуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана аскердик-патриоттук иштерди күчөтүү маселелерине бурулду. Башкы кол башчы министрдин алдына республиканын Куралдуу күчтөрүнүн потенциалын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар милдеттерди койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков