Президент Европа өлкөсүнүн делегациясынын бул сапары көптөгөн тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Бул жолу тараптар өз ара түшүнүшүү боюнча бир катар меморандумдарга кол коюшту. Жан Ассельборн республика мультимодалдык хаб, ал эми Астана аэропорту Европа менен Азияны бириктирген абдан маанилүү пункт экендигин белгиледи. Учурда Люксембургдун эл аралык авиа жүк кызматы Казакстанга жумасына 21 каттамды аткарат. Люксембургдук компания Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги менен логистика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков