Казакстандын президенти деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясына катышуу үчүн Түркмөнстанга келди. Аэропортто Касым-Жомарт Токаевди Республиканын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды. Тараптар кыскача баарлашышты. Мамлекет башчысы Казакстан менен Түркмөнстандын кызматташтыгы оң динамиканы көрсөтүп жатканын белгиледи. БУУнун Башкы катчысынын жеке катышуусу менен мындай маанилүү форумдун өткөрүлүшү Түркмөнстандын 30 жылдан бери позитивдүү бейтараптуулук саясатын жүргүзүп келе жаткандыгынын эл аралык абройунун жогору экендигинин далили. Казак-түркмөн мамилелеринин өзгөчө мүнөзүн Гурбангулы Бердымухамедов да жогору баалады. Маектештер эки өлкөнүн эли достукту жана коңшулаштыкты мындан ары да чыңдоого маани берерин баса белгилешти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

