Казакстан президенти Жапониянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстан президенти Жапониянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстандын Президенти менен Жапониянын тышкы иштер министри Такеши Ивая соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-транзиттик жана маданий-гуманитардык тармактардагы казак-жапон кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалы менен өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Жапониянын тышкы саясат мекемесинин башчысынын Астанага сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилени арттырууга жаңы дем берерин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Жапония биздин Азиядагы ишенимдүү жана жакын өнөктөшүбүз. Токио менен ар тараптуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө өзгөчө маани берип жатабыз. Эң алды менен Премьер-министр Ишибага жылуу саламымды жеткирүүңүздү суранам. Планыбыз боюнча Премьер-министр Ишиба Казакстанга расмий сапар менен келмекчи. Биз күтүп, даярданып жатабыз. Биздин карым-катнашыбыз жогорку ылдамдыкта өнүгүп келе жатат деп шексиз айтууга болот.

Такеши Ивая, Жапониянын тышкы иштер министри:

- Казакстан менен Жапония – эл аралык тартипти күчөтүүгө кызыкдар стратегиялык өнөктөштөр. Менин бул сапарым эки өлкөнүн ортосундагы байланышты андан ары өнүктүрүүгө жол ачат деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков