Борбор калаада атыр чыгарылат. Нур-Султандагы индустриалык парк аймагында курулушу башталган заводдун инвестору Азербайжан мамлекети болуп саналат. Жыл аягына чейин атайын экономикалык аймакта 10го жакын жаңы өндүрүш ачылат. Бул чыгарыла турган өнүм түрүн бир топ кеңейтүүгө шарт түзөт. Ал эми алдыдагы 3 жылда 30га жакын жаңы ишкана пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.
Бакытжан Досказиев, «Астана-Технополис» АЭА башкарма төрагасы:
- Биздин атайын экономикалык аймакта 52 ишкана иштеп жатат. Азыркы учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Нур-Султан шаары Мамлекет башчысынын өндүрүш өнөр жай тармагын 5 жылда 1,5 эсеге көбөйтүү боюнча тапшырмасынын аткарылышын камсыз кылат. Өткөн жылы биз бир нече ири долбоорлорду ишке киргиздик – ал модулдук-блок өндүрүш заводу, желим түтүктөрдү чыгаруучу завод, мунара крандарынын өндүрүшү.
Өнөр жай паркында өндүрүлгөн өнүмдөр ар түрдүү. Бул жерде локомотивдер, асма арабалар, курулуш материалдары, мунара крандары, эмеректер, текстиль жана минералдык жер семирткичтер чыгарылат. Бул биз сөз кылып жаткан өнүмдүн чакан гана бөлүгү. Жалпысынан өнөр жай долбоорлоруна инвестициялардын жалпы наркы болжол менен 180 миллиард теңгени түзөт.
Бакытжан Досказиев, «Астана-Технополис» АЭА башкарма төрагасы:
- Биздин индустриалык парк аймагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген инвесторлор иштейт. Франция, Америка, Орусия жана Түркия сыяктуу мамлекеттерден келген инвесторлор бар. Жакында эле Казакстан Республикасынын Түркиядагы элчилигинин колдоосу менен түркиялык инвестор тартылды. Ал долбоордун ишке ашырылышы ушул райондо жүргүзүлүүдө. Бул заводдо өнөр жай ишканалары үчүн респиратордук беткаптар чыгарылат.
Мында өндүрүлгөн өнүмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү тышкы базарларга экспорттолот. Борбор калаанын өнүмү Орусия, Молдова, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстанда чоң суроо-талапка ээ. Маселен, өткөн жылы жергиликтүү товарларды экспорттоонун көлөмү 28 миллиард теңгени түздү. Быйыл бул көрсөткүч 30%га жогорулайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков