Казакстандын аба флоту жаңы 51 учак менен толукталат

Казакстандын аба флоту жаңы 51 учак менен толукталат

Казакстандын аба флоту жакынкы 3 жылда 51 жаңы учак менен толукталат. Алардын 14ү ушул жылдын аягына чейин сатылып алынат. Бул тууралуу Актауда өткөн авиациялык коопсуздук боюнча эл аралык жыйында айтылды. Эки күнгө созулган иш-чарага Грузиянын, Азербайжандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык авиация администрацияларынын өкүлдөрү катышты. Күн тартибинде аэропорттордун жана учактардын коопсуздугу, аэронавигациялык жабдууларды коргоо жана өркүндөтүү маселелери талкууланды. Тараптар келечекте өз ара кызматташууну чыңдоого макулдашышты.

Дархан Катышев, «Казакстан Авиация Администрациясы» АК Авиациялык коопсуздук департаментинин мүдүрү:

- Биз Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн аймагында координациялык топ түзгүбүз келет. Бул өз кезегинде тараптарга керектүү маалыматтарды алмашууну тездетип, жарандык авиациянын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга түздөн-түз өбөлгө түзөт. Ошондой эле кесипкөй такшалган адистерди даярдоого жана аларды кайра окутууга жол ачат деп ойлойбуз.

Белгилей кетсек, азыр өлкөдө 912 учак бар. Алардын 75и жүргүнчүлөрдү коммерциялык үзгүлтүксүз ташууну ишке ашырат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков