Казакстанда быйыл 18 миллион чарчы метр турак жай пайдаланууга берилет. Бул өлкө үчүн рекорддук көрсөткүч. Болжол менен 170 миң турак жай падаланууга берилет. 2018-жылга салыштырмалуу анын көлөмү дээрлик 50% га өстү. Бул жаатта атамекендик курулуштун ыргагы мурдагыдай эле өсө берет. Алсак, 2029-жылга карата өлкө аймагында 111 чарчы метр турак-жай куруу мерчемделген. Өкмөттө аталган тармакты өнүктүрүү талкууланды. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча, өлкөдө шаар курууга талдоо жүргузүлүп, курулуш тармагынын бирдиктүү санариптик экосистемасы түзүлүүдө. Турак жай саясаты жаатындагы мыйзамдар өркүндөтүлүүдө. Мындан улам 50 миңден ашуун казакстандыктар ижарага берилген үйлөрдү менчиктештирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул жараянда улуттук өнүгүү институту түздөн-түз роль ойнойт. Ошондой эле курулуш кодексинин долбоору иштелип чыкты. Документ парламенттин төмөнкү палатасынын кароосунда.
Канат Шарлапаев, өнөржай жана курулуш министри:
- Долбоордо каралган чаралар ортомчул куруучуларды рыноктон четтетүүгө, бардык субъекттердин компетенттүүлүгүн жана кесиптик жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле долбоорлоонун жана куруунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жоопкерчиликти камсыздандырууну жана серепчилерди сертификаттоону киргизүү пландалууда. Сейсмикалык активдүү аймактарда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн долбоорлоо жана куруу процессинде сейсмикалык изоляция системалары колдонулат.
Казакстанда 5 транс чек аралык хаб ишке кошулат
Ошондой эле Казакстанда трансчек аралык хабдарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Өкмөт бул багытта 5 масштабдуу долбоорду ишке кошууга камданууда. Мисалы, Хоргос жана Каспий түйүндөрү Кытайдан жана Транскаспий коридорунун боюндагы өлкөлөр менен соода алаканы өнүктүрүүгө жардам берет. Орусия менен чек арада "Евразия" трансчек аралык соода борбору, Өзбекстан менен чек арада "Борбордук Азия" эл аралык өндүрүштүк кооперация борбору жана Кыргызстан менен индустриалдык соода-логистикалык комплекс курулуп жатат. Ошондой эле, Мангыстау облусунун Актау жана Курык портторунда контейнердик хабдарды жана Астана, Алматы, Шымкент, Актөбе шаарларынын аэропортторунда мультимодалдык аба хабдарын түзүү каралууда.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Өзбекстан менен чек арадагы" Борбор Азия" хаб долбоорунун өзү темир жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 20 миллион тоннага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Актау портунда контейнердик хаб түзүү жүктөрдү тангактоонун көлөмүн жылына 92 миңден 300 миң контейнерге чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан хабдар системасы биздин соода өнөктөштөрүбүз менен бирдиктүү соода-транспорттук мейкиндикти түзүшү керек. Бул мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана коңшу өлкөлөр менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

