Казакстан менен Армения кызматташтыгынын дарамети

Казакстан менен Армения кызматташтыгынын дарамети

Тараптар мындай артыкчылыктарды көздөгөн биргелешкен протоколго кол коюшту. Ошондой эле, алар тоо-кен жана металлургия, айыл чарба, фармацевтика, маалымат жана коммуникациялар, транспорт, энергетика жана туризм тармактарында өз ара кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө кызыкдар. Буга кошумча, Ереван шаарында “Астана” эл аралык каржы борборунун филиалын ачуу пландалууда. Мындан тышкары, тараптар каржы технологиялары жана электрондук соода тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө даяр. Армян тарап ата мекендик компаниялардын ишмердүүлүгүнө кызыкдар. Маселен, казакстандык ишкерлерди тендерге жана Армениянын Гюмри шаарында логистикалык борбор түзүү долбооруна катышууга чакырды. Бул тууралуу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, өткөн жылы мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү эки эсеге өсүп, 41 жарым миллион доллардан ашкан. Ошол эле учурда экспорттун көлөмү 10 миллиондон 27 миллион долларга чейин өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков