Ири бизнестин айланасында чакан ишканалар түзүлөт

Ири бизнестин айланасында чакан ишканалар түзүлөт

50ге жакын өнөр жай ишканалары өз өнүмдөрүн жергиликтүү өнөр жай гиганттарына сатуунун эсебинен алардын суроо-талаптарын толук канааттандыруу көздөлүүдө. Алардын баары товарлардын көргөзмөсүнө коюлду. Ошентип, өнүмдү өз көзү менен көргөн дараметтүү кардарлар өндүрүүчүлөр менен түз байланышып, андан кийин оозеки макулдашуулар жергиликтүү камтууну өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуу меморандумдарына кол коюу менен бекитилди. Белгилей кетсек, өткөн жылы жергиликтүү жеңил өнөр жай ишканалары облустун ишканаларына 5 миллиард теңгеден ашык суммага өнүм жөнөтүшкөн. 2023-жылга план боюнча бул көрсөткүч эки эсеге көбөйүшү керек. Бул жагынан аларга «Ишкер» аймактык бизнести өнүктүрүү программасы да сөзсүз жардам берет.

Ермаганбет Бөлекпаев, Караганды облусунун акими:

Акыркы жылдарда импорттук өнүмдүн жогорку атаандаштыгына карабастан, биз айтып өткөндөй, ишканалар жыл сайын өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, ошондой эле иштеп жаткан өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү жумуштарын жүргүзүп келет. Шаар куруучу ишканалардын жана табигый монополиялардын субъекттеринин сатып алууларынан тышкары, конкурстук процедураларга катыша ала турган мамлекеттик сатып алуулар платформасы бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков