Евразия инвестициялык хабы

Евразия инвестициялык хабы

Казакстан Евразиядагы негизги инвестициялык хаб боло алат. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин дүйнөлүк ассоциациясынын башкы мүдүрү Исмаил Эрсахин билдирди. Уюмдун 2022-жылга карата отчетуна ылайык, Борбор Азиядагы бардык чет элдик капиталдын 46% Казакстанга туура келди. Казакстан ассоциация менен Улуттук инвестициялык агенттик аркылуу өз ара аракеттенет. Ассоциациянын жетекчисинин айтымында, жакынкы жылдардын негизги милдети биргелешкен, так өлчөнгөн инвестициялык максаттарды түзүү болушу керек.


Исмаил Эрсахин, Инвестицияларды тартуу боюнча агенттиктердин дүйнөлүк ассоциациясынын башкы мүдүрү (WAIPA):


- Казакстан көп жылдар бою биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биз бул кызматташтыкты жогору баалайбыз. Бүгүн биз аны кеңейтүү үчүн биргелешкен долбоорлор болобу, окутуу же стратегиялык колдоо болобу жаңы форматтарды издеп жатабыз. Азыр эң негизгиси жалпы максаттарды аныктообуз зарыл. Анткени ар бир мамлекетке жекече мамиле керек. Өлкөнүн олуттуу дарамети, жаш, кесипкөй жумушчулары жана өнүгүп жаткан экономикасы бар. Бул чынында эле мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков