НУ окумуштууларынын иштеп чыгуулары премьер-министрге тааныштырылды

Ата мекендик окумуштуулар казакстандык геномду изилдеп жатат. «Генетикалык профиль» казакстандыктардын ар кандай ооруларга ийкемдүүлүгүн аныктоого мүмкүндүк берип, медицинаны ага шайкеш багыттар боюнча өнүктүрүүгө жол ачат. Ушул жана башка жаңы ойлоп табуулар тууралуу Назарбаев университетиндеги Жогорку Камкорчулар кеңешинин жыйынында премьер-министрге баяндалды. Олжас Бектенов илимий долбоорлорду коммерциялаштыруу үчүн өнөр жай мекемелери менен кызматташууну күчөтүү керектигин эскертти. Муну менен катар, илимпоздор өздөрүнүн лабораторияларын да тааныштырды. Бул жерде казакстандык окумуштуулар жасалма интеллект, оптикалык электроника тармагындагы инновациялардын үстүндө иштеп, ракка каршы жаңы эффективдүү препаратты жасоо менен алектенишүүдө.

Дос Сарбасов, National Laboratory Astana башкы мүдүрү:

- Учурда биз онкологиялык дары-дармектин үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Бүгүн биз Дивиси дарысынын биринчи жана экинчи фазасынын алгачкы изилдөөлөрүн жасоого жетиштик. Анын жыйынтыгы жакшы. Ошондуктан биз ишти мындан ары да улантабыз. Азыр Алматыда анын өндүрүшү интенсивдүү жүргүзүлүп жатат. Биз препараттын чектүү өлчөмүн аныктоо үчүн клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү улантабыз. Ушундай жол менен биз дарылоонун эффективдүүлүгүн арттырабыз.

Бул Назарбаев университетинин окумуштууларынын жалгыз дымактуу долбоору эмес. IT тармагында казак тилдүү программа жасоочу илимпоздордун да жетишкендиктери бар.

Ербол Абсалямов, НУ акылдуу тутумдар жана жасалма интеллект институту мүдүрүнүн орун басары:

- Биз өзүбүздүн чеберчилигибизди, келечекке болгон көз карашыбызды жана максатыбызды көрсөттүк. Атап айтканда, компьютердик көрүү жөндөмдүүлүгүн, жасалма интеллектти медицинада колдонуу, виртуалдык мейкиндик жана казак тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, Сүйлөө моделин колдонуу менен, мен сүйлөп жатканда айткандарымдын баары автоматтык түрдө текстке айланат. Ал эми «Тилмаш» тиркемеси казак тилинен 6 тилге которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жолугушууда биз эсептөө күчүн арттыруу зарылдыгын айттык. Бирок өкмөт бул маселе боюнча азыртадан эле катуу иштеп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков