Маданий-гуманитардык байланыштар-эки тараптуу жана көп
тараптуу диалогдордун маанилүү бөлүгү. Бул тууралуу Астанадагы «Борбор
Азия-Кытай» гуманитардык форумунда айтылды. Ага региондогу беш республиканын
жана КЭРдин мамлекеттик органдарынын жана медиа-холдингдердин өкүлдөрү катышты.
Ачылышта мамлекеттик кеңешчи Казакстандын Президентинин куттуктоосун окуду.
Ерлан Карин санариптештирүү шартында медиа-интеграциянын маанилүүлүгүн баса
белгилеп, жаңы коммуникациялык платформалар Улуу Жибек Жолунун уландысына
айланганын белгиледи.
Ерлан
Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
- Чындыгында,
алгачкы байланыш тармактарын түзүү болгон. Бүгүн биз бул салтты интернет,
спутник жана санариптик платформалар аркылуу медиабызды кызматташуунун
бирдиктүү ыргагында улантып жатабыз. Медиа керектөөнүн трансформациясын,
санариптештирүүнү жана маалыматтык тренддерди эске алуу менен контент түзө
алабыз. Технологиялар менен алмашуу, маданий өз ара байытуу боюнча биргелешкен
иш бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигине ишенебиз.
Форумдун катышуучулары иштеп жаткан долбоорлорду
талкуулап, келечектеги кызматташуу багыттарын белгилешти. Тараптар биргелешкен
медиа өндүрүүгө, окутуучу программаларды ишке киргизүүгө жана улуттук
медиаконтентти эл аралык платформаларда илгерилетүүгө даяр экендиктерин
билдиришти. Бул жерде жаңы долбоордун башталышы өзгөчө роль ойнойт. Ал бүткүл
аймак боюнча көрсөтүлөт.
Шэнь
Хайсюн, Кытай медиа корпорациясынын президенти:
- Си
Цзиньпиндин учкул сөздөрү долбоорунун эл аралык нускасынын ишке кириши Кытай
менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достуктун бекемделиши. Гуманитардык
чөйрөнүн өнүгүшүнүн айкын далили. Долбоор биздин мамилебизге жаңы дем берет деп
ишенем.
Казакстан менен Кытайдын медиа кызматташтыгы
«Silk Way Star» эл аралык музыкалык долбоорун түзүү менен уланат. Мындан
тышкары Jibek joly/Silk way телеканалы кытайлык CGTN телеканалы менен
биргеликте маданият тууралуу сөз кылган «Борбордук Азияга чоң саякат» аттуу
атайын долбоорду даярдашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

