К.Токаев Казакстандын 2024-жылкы келечеги тууралуу айтты

К.Токаев Казакстандын 2024-жылкы келечеги тууралуу айтты

Казакстан 2024-жылы жалпы ички дүң өнүмдү көбөйтүү жөнүндөгү стратегиялык максат боюнча иш алып барат. Эске салсак, Мамлекет башчысы өзүнүн өткөн жылкы кайрылуусунда 2029-жылга чейин улуттук экономиканын көлөмүн эки эсе көбөйтүп, 450 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын койгон. Жакын арада өтө турган Өкмөттүн кеңейтилген отурумунда өлкөдө ушу багытта алдыдагы иш-чаралардын так чаралары иштелип чыгат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев «Эгемен Казакстан» гезитине берген интервьюсунда айтты. Бүгүнкү күндө Эл аралык валюта фондунун серепчилери ата мекендик экономиканын өсүшүнө оң баасын берүүдө. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын ИДӨсү 259 миллиард доллардан ашууга тийиш. Бул Борбордук Азиядагы эң жогорку акчалай өсүш. Киши башына эсептелген ИДӨ да артып келет. Буга байланыштуу болжолдуу көрсөткүч былтыр 13 миң долларга жакындады. Эми аны так ишке ашыруу Өкмөттүн мойнунда. Мамлекет башчысы ал үчүн министрлер кабинети экономиканы башкаруунун жаңы ыкмаларын ишке ашыруу керек деп эсептейт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Дүйнөдөгү экономикалык кырдаал биздин өлкөгө да таасирин тийгизери анык. Бирок ар бир кыйындык жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Өкмөттүн жел кайсы жактан соксо да желкенди өзүнө ыңгайлуу бура ала тургандай, ар тараптуу ойлонулган планы болууга тийиш. Экономиканын өсүшүн стимулдаштыруу чаралары менен түзүмдүк реформалар бирге жүрүшү керек. Тактап айтсак, ишкерлерлик менен атаандаштыкты өнүктүрүү, жеке менчикти коргоо, сот адилеттигинин болушу өтө маанилүү. Ошондо гана көздөгөн максаттарыбыздын баарына жетип, белгиленген мөөнөттө улуттук экономика көлөмүн эки эсе көтөрө алабыз.

Дагы бир маанилүү милдет – инвестиция тартуу. Олуттуу инвестиция болсо, экономика тездейт жана жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Касым-Жомарт Токаев берген интервьюсунда жакында өлкөдө кеңири укук берилген Инвестиция штабы түзүлгөнү тууралуу билдирди. Ал инвестициялык кырдаалды жакшыртып, долбоорлорду сапаттуу жүзөгө ашырууга багытталган. Экинчи жагынан, Казакстанда системалуу реформаларды ишке ашыруу боюнча чаралар кабыл алынууда. Бул багыттагы иш экономиканын бардык тармагына байланыштуу «оюн тартибин» белгилейт. Бул жерде мамлекет башчысынын айтымында, жаңы Бюджет кодекси, мамлекеттик сатып алуу жана мамлекеттик-жеке менчик кызматташтык тууралуу кабыл алынган мыйзамдар жана албетте, иштелип жаткан жаңы Салык кодекси тууралуу сөз болуп жатат. Акыркысы инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарт түзүү менен мамлекеттик бюджетке түшүүлөр деңгээлин колдоо ортосунда теңдем калыптандырууга көмөктөшөт.