«Астана Балет» алматылыктар менен шаар конокторуна
өзгөчө программа сунуштады. Театр түштүк шаарга болгон салттуу гастролдук
сапарынын көшөгөсүн дүйнөлүк опера жылдызы Мария Мудряк жана симфониялык
оркестрдин концерти менен ачты. Дирижёру — Джузеппе Аквавива, ал эми солисти —
Дамир Садуакасов. «Almaty Theatre»
сахнасында борбор калаалык өнөр
борборунун башкы балетмейстери Мукарам Авахринин
автордук спектаклдери көрсөтүлөт. Хореография өнөрүн сүйүүчүлөр коому
«Саломея» жана сегиз вариациядан турган «Сүйүүнүн тили» спектаклдерин көрө
алат. Сапардын
алкагында HasSak этно-фольклордук тобунун катышуусунда Ethno Fashion Ballet
уюштурулат. Бул - улуттук кийим үлгүлөрү, анын тарыхы, өнүгүшү жана терең
маанисин ачууга арналган перформанс. Салт-санаа, казак маданиятындагы маанилүү образдар
көрсөтүлөт. Ошондой эле, программага Сергей Прокофьевдин музыкасына Владимир
Яковлев койгон белгилүү «Ромео жана Джульетта» спектакли кирген. Гастролдун
көшөгөсү чын куран айынын 16сында
таланттуу артисттердин аткаруусундагы «Melodic show» концерти менен жабылат. Программанын
жүрүшүндө көпчүлүккө белгилүү чыгармалар, жеке аранжировкадагы джаз
жана заманбап хиттер орундалат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков