Казакстанда сууну үнөмдөөчү жаңы технологиялар
киргизилүүдө. Ошентип Туркестан облусунда айланма жана фронталдык суу чачуучу унааларды
чыгаруучу ишкана ишке киргизилди. Завод өнөр жай зонасында пайда болду. Ошентип,
жергиликтүү инвесторго иштөөгө бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, салык боюнча
жеңилдиктер берилди. Өндүрүштүк борбордун жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзүп,
анын басымдуу бөлүгү автоматташтырылган. Чыгаруунун көлөмү да ар түрдүү. Кээ
бирлери 1 чакырымга чейин жетет. Облустук акимчиликтен түшүндүргөндөй, мындай
акылдуу техника эгин талааларын сугат суу менен камсыз кылып, сууну 5 эсеге
үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Дархан Сатыбалды, Түркестан облусунун акими:
-Республикабыздын сугат талааларынын төрттөн бир бөлүгү
Туркестан облусунда жайгашкандыктан, биз завод салуу чечимин кабыл алдык. Бүгүн
жамгырлаткыч системасы бар унааларды чыгаруучу заводду ишке киргиздик. Анын
Казакстанда альтернативасы жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков