Жаңы «Jibek Joly» туристтик поездинин жүргүнчүлөрү бир эле учурда эки өлкөгө катташат. Казакстандан Өзбекстанга жүргөн трансчегаралык багыт Нооруз майрамынын алдында ишке кошулат. Сапар 5 күнгө созулат. Темир жол жалган куран айынын 20да чыгып, кайра 25де кайтып келет. Анын жүргүнчүлөрү Алматы, Түркестан, Ташкент, Самарканд жана Тараз шаарларын аралайт. Саякатчылар Улуу Жибек Жолунун боюндагы байыркы шаарлардын кооз жерлерин көрүп, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү байыркы соода кербендеринин руханий мурасына канааттанышат. Ошондой эле, уникалдуу туристтик программада этно айылдагы түрдүү майрамдык иш-чаралар камтылган. Белгилей кетсек, саякатчылардын ыңгайлуулугу үчүн тур бою кесипкөй гид жана коомдук тамактануу жана экскурсиялык кызматтар каралган.
Даниел Сержан уулу: «KAZAKH TOURISM «УК» АК башкарма төрагасынын орун басары:
Биринчиден чиркелген вагондор Астанадан жол тартты. Кийинчерээк бул туристтик багыт Алматыдан жалган куран айынын 20нан Түркестан аркылуу сапарын улантат. Андан соң салттуу Ташкент жана Самарканд маршруту боюнча саякаттап, кайра кайтып келет. Бул жерде экинчи айырма Тараз шаарында аялдама болот. Бул өзгөртүүлөр Астананын чет элдик туристтерге суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу киргизилди. Мындай демилге бүтүндөй Борбор Азия үчүн бренд болуп, чет элдик туристтер арасында суроо-талапка ээ болоруна ишенебиз. Кытай жана Европа мамлекеттеринин туристтери кийинки поезддин жүргүнчүлөрү болот деп үмүттөнөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

