Инвесторлор менен иштешүү боюнча методикалык колдонмо түзүлдү

Инвесторлор менен иштешүү боюнча методикалык колдонмо түзүлдү

Долбоор башталгандан ишке ашканга чейинки багыт. Казакстанда инвесторлор менен өз ара аракеттенүү боюнча жаңы методикалык колдонмо түзүлдү. «Kazakh Invest» акционердик коомунун маалыматына ылайык, анда бул багыттагы иштин жүрүшү толук камтылган. Бул колдонмону ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү аткаруу органы негизге алат. Бул жаатта айта кетчү жагдай,  Казакстан менен Катар ортосундагы эки тараптуу товар айланууда оң динамика байкалат. Былтыр өсүш 50% түзгөн. Перс булуңундагы өлкөлөр менен биргелешкен 15 инвестициялык долбоордун пулу түзүлгөн. Алардын жалпы наркы 18 миллиард долларга бааланууда. Мындан тышкары, тиешелүү ишканаларынын бүтүндөй кластерин түзүүгө багытталган 17 ири артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеси иштелип чыкты.


Которгон: Илгиз Жамалбеков