Касым-Жомарт Токаев Иран президентинин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Касым-Жомарт Токаев Иран президентинин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Касым-Жомарт Токаев Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен өкмөттүк делегация мүчөлөрүнүн тик учактын кулашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. 

«Ибрахим Раиси - өз өмүрүн Иран мамлекетинин жана элинин жыргалчылыгын жогорулатууга, анын кызыкчылыктарын коргоого жана аймактагы стабилдүүлүктү сактоого жан аябастан арнаган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер болду», - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.  

Ошондой эле, президент Ибрахим Раиси даанышман лидер, эл аралык деңгээлде кадыр-барктуу саясатчы, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого зор салым кошкон инсан катары ар дайым казакстандыктардын эсинде сакталаарын жазды. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков