Казакстан менен Малайзия биргелешкен долбоорлор тууралуу келишимдерге кол койду

Бүгүн Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда Казакстан-Малайзия бизнес форуму өттү. Анын алкагында тараптар 350 миллиондон ашык суммага келишимдерге жана меморандумдарга кол коюшту. Эми мамлекеттер исламдык каржылоо жана сооданы өнүктүрүү мерчемдеп жатат. Ошондой эле тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен тармагына инвестиция тартуу, алтынды кайра иштетүү, трансформатор жана автоунаа майын биргелешип өндүрүү боюнча кызматташууну көздөөдө. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда малайзиялык капиталдын катышуусу менен 48 компания иштеп жатат. Жалпы суммасы АКШ валютасында 410 миллиондон ашык 17 биргелешкен инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Мындан тышкары, акыркы жылдары өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасы байкалат. Маселен, тараптардын ортосундагы соода алмашуунун көлөмү 30%дан ашты. Малайзия Казакстан менен туризм, билим берүү, энергетика, ата мекендик адал өнүмдөрүн жеткирүү жаатында кызматташууну бекемдөөгө ниеттенүүдө. Олжас Бектенов малайзиялык ишкерлерди Казакстан тарап менен кызмат көрсөтүү, кайра иштетүү өнөр жайы, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба жана курулуш тармактарында кызматташууну чыңдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип изилдөөгө чакырды.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри: 

-Казакстан үчүн Малайзия эң маанилүү базарлардын бири. 2023-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү дээрлик эки эсеге – 150 миллион доллардан 250 миллион долларга жакын өстү. Деген менен биз өз ара сооданы пандемияга чейинки 650 миллион долларлык соода көрсөткүчүбүздү калыбына келтирүүгө жана андан ашууга умтулуп жатабыз. Бул биздин экономикабыздын эбегейсиз дараметин көрсөтөт. Ошондой эле бул жаатта биз Малайзияга экспортубузду ар тараптандырууну көздөп, соода өнөктөштүгүбүздү бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө даярбыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков