Нооруз майрамы Астананын бардык райондорунда уюштурулат

Нооруз майрамы Астананын бардык райондорунда уюштурулат

Бүгүн казакстандыктар күн менен түндүн теңелүү майрамы, Улустун улуу күнү – Нооруз майрамын белгилешүүдө. Буга байланыштуу өлкө аймагында улуттук оюндар, театралдаштырылган оюн-зоок, концерттик программалар жана майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Бул күнү Астанада жаздын Нооруз майрамына карата элдик жөө жүрүш башталды. Борбор калаада алты аянтка боз үйлөр тигилип, этношаарчалар ачылды. Келгендер майрамдык концертти көрүп, улуттук спорттун түрлөрү боюнча күч сынашат. Мындан тышкары, Астана шаарынын тургундары жана коноктору боорсок, палоо, нооруз көже, сырдан жасалган тамактарды даамдап, селкинчек тебишет. Жалпысынан Нооруз майрамына карата Астанада 10дон ашык алты бакан, 50гө жакын боз үй тигилди.

Бахтияр Масанов, Астана Шаарынын Акимчилигинин Спорттук-Массалык Иш-Чараларды Өткөрүү Дирекциясынын Башчысы:

- Бизде 21-22си күндөрү Астананын 5 районунда масштабдуу иш-чаралар өтөт. Алардын ичинен спорттук иш-чараларга токтоло кетсек: ал Есиль, Байкоңур, Нура райондорунда, анын ичинде улуттук спорттун чоң түрлөрү, тагыраак айтканда: казак күрөш, акыркы 2 жылда чоң трендге айланган кочкор көтөрүү, кол күрөш, гира көтөрүү, аркан тартыш сыяктуу чоң иш-чаралар өткөрүлөт.

Эртеси негизги майрамдык иш-чаралар Астананын бардык райондорунда уюштурулат. Борбор калаанын тургундары жана коноктору улуттук этношаарчадан тышкары тематикалык боз үй-музейлерге, улуттук каада-салттарга, театралдаштырылган оюн-зоокторго, айтышка жана казак эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концертке күбө боло алат. Мындан тышкары, келгендер карапачылардын, зергерлердин, кийиз басуу жана чеберлердин колунан жасалган буюмдар менен таанышат. Кошумчалай кетсек, жалган куран айынын 24дө Есиль дарыясынын жээгинде Astana Nauryz Marathon чоң кайрымдуулук спорттук иш-чарасы өтөт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков