Казакстандагы экономикалык абалдын
өнүгүшү, инфляция динамикасы жана аны турукташтыруу чаралары. Улуттук банктын
төрагасы мамлекет башчысына иштин жыйынтыгы жана алдыдагы мезгилге пландар
тууралуу отчёт берди. Тимур Сулейменов президенттин тапшырмаларынын аткарылышы
тууралуу да кабардар кылды. Анда экономиканын реалдуу секторун каржылоо ишин
кеңейтүү, Улуттук фонд - Балдарга жана Улуттук төлөм системасын өнүктүрүү,
ошондой эле, ачык банкинг ишинин принциптерин киргизүүгө багытталган
долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сөз болду. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып
алуулардын жана бюджеттик чыгашалардын ачыктыгын, натыйжалуулугун жогорулатуу
үчүн санариптик теңгенин дараметин пайдалануу боюнча маалымат берилди.
Касым-Жомарт Токаев Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча
бир катар милдеттерди койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков