Казакстан-Кыргызстан союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү тууралуу келишимге келди

Казак-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өнүгүүдө. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты. Тараптар кызматташууну улантуу ниетинде. Өткөн жылы Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 25 пайызга өсүп, 1,5 миллиард долларга жеткен. Алдыдагы максат – соода алмашууну 2 миллиардга жеткирүү. Казакстан 195 товар позициясы боюнча экспортту эки эсеге көбөйтүүгө даяр. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Кыргызстан президентинин сапары тарыхый кол коюу сыяктуу өнөктөштүк мамилелерге дем берет. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Бүгүн биз тарыхый келишимге кол коёбуз. Бул маанилүү документ казак-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы дем береринде эч кандай шек жок. Ошондуктан бул келишимден үмүтүбүз чоң. Буга бизде мүмкүнчүлүк да күч-аракетибиз да жетиштүү. Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейтүүгө жол ачат деп эсептейбиз. 

Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти: 

- Бүгүнкү иш-чара кыргыз-казак мамилелеринин мындан ары да бекемделишине салым кошот деп ишенем. Сүйлөшүүлөр салттуу союздаштыктын жана стратегиялык байланыштын духунда өтүп жатканы кубандырат. Кыргызстан Казакстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө багытталган тышкы саясатты жүргүзүп келет. Бири-бирибизди колдоп, келечекти ойлоп, бардык маселелерди биргеликте чечкенибиз туура деп ойлойм. Кыргызстандын аткаруу бийлиги эки өлкө ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашырып жатат. Биздин бүгүнкү жолугушууларыбыз эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташууга жаңы дем берет деп ишенем. 

Өз ара кызматташтыкты чыңдоо максатында тараптар Өкмөттөр аралык кеңештин жана Аймактар аралык форумдун ишин жандандыруу, ошондой эле, чек арада курулуп жаткан соода-логистикалык комплексти ишке киргизүү боюнча макулдашты. Айыл чарбасы жагынан биргелешкен ишканалар жана илимий институттар ачылат. Ал эми инвестициялык долбоорлорго келсек, казакстандык бизнес Кыргызстанда альтернативдик энергия булактарын жана ферроэритме заводунун курулушуна инвестиция салат. Тараптар суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты координациялоо боюнча да макулдашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпысынан 7 документке кол коюлду. Тактап айтканда, алардын арасында инвестицияны коргоо, санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашуу келишими, чек арадагы автоунаа өткөрүү пунктарын өнүктүрүү боюнча жол картасы бар. Мындан тышкары, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго 1-даражадагы «Достук» орденин ыйгарды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков