Континенттерди бириктирүүчү
транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана Орто Коридордун транспорт
системасына алдыңкы технологияларды киргизүү. Бул аркылуу Борбор Азия менен
Евробиримдиктин ортосундагы байланыш жеңилдейт. Буга түрткү берүү үчүн
Казакстандын Транспорт министрлиги жана Еврокомиссия Транскаспий эл аралык
транспорттук каттамдарын координациялоо платформасын расмий түрдө ишке
киргизди. Иш-чарага Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн, Түркиянын,
Азербайжандын жана ири эл аралык каржы уюмдарынын, коридордо жайгашкан
мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Бул жаңы платформа Орто коридорду
мультимодалдык жана атаандаштыкка жөндөмдүү багытка айлантуу үчүн иштейт.
Система эски континент менен Азияны 15 күн же андан аз убакытта бириктирет. Анын
ишке кошулуусу жүктөрдүн тез жетүүсүнө шарт түзөт. Башкача айтканда, жол
маселесин чечкен бир катар тоскоолдуктар жоюлат.
Талгат
Ластаев, транспорт вице-министри:
-Мындан ары бул багыттагы бажы жана салык процедуралары, коридорду санариптештирүү, ошондой эле жүк ташуу менен байланышкан документтерди толук электрондук түрдө өткөрүү сыяктуу көптөгөн иштер конкреттүү долбоорлор менен камтылат. Каржы институттары менен келишимдер бар. Каржылоо булактары табылды. Андыктан бул платформа аталган долбоорлорду ишке ашырууга жаңы дем берерине ишенебиз.
Майя Бакран, Европа мобилдик жана транспорт комиссиясы башкы мүдүрүнүн орун басары:
-Мындан туура бир жыл мурун Алматыда биз Еврокомиссия каржылаган, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы ишке ашырган Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы транспорт боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырганбыз. Кийин аны Брюсселде өткөн инвестициялык форумда сунуштаганбыз. Ал эми бүгүн биз координациялык платформаны ишке киргизүү менен бул ишти улантып жатабыз. Бул абдан маанилүү этап.
Которгон: Илгиз Жамалбеков