Президент Касым-Жомарт Токаев Рим Папасы Лев XIVдү понтификатынын мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысы өзүнүн телеграммасында тынчтык жана диалог идеяларын алдыга жылдыруу боюнча анын ырааттуу чакырыктары адамдык кадыр-баркты жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн ишенимдүү пайдубал болуп кызмат кылаарын баса белгиледи. Президент Казакстан менен Ыйык Тактынын ортосундагы көп жылдык достук байланыштарды жана тыгыз кызматташтыкты жогору баалап, мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө багытталганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Папа Лев XIVгө чың ден соолук жана анын асыл миссиясын ишке ашырууда түгөнбөс күч-кубат каалап, Католик чиркөөсүнүн башчысын Астанага келүүгө кайрадан чакырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

