Казакстанда жалган куран айында «Алтын Ордо» документалдык-драмалык сериалы расмий тартыла баштайт. Атамекендик кино тартуунун жаңы чыгармасы Жошы хан улусунун 800 жылдыгына арналат. Тасмага атамекендик актерлор менен катар Швециядан, Бельгиядан, Англиядан, Германиядан, АКШдан, Монголиядан адистер тандалып алынган. Бүгүнкү күндө костюмдар, декорациялар жана реквизиттер даяр. Андагы кооптуу трюктарды казакстандык «Nomad Stunts» каскадёрлор тобу аткарат. Алардын Netflix жана Disney эл аралык долбоорлорунда чоң тажрыйбасы бар. Өлкөнүн мамлекеттик кеңешчиси каскадёрлорду тасмага тартуунун жүрүшү менен таанышты. Ерлан Карин тарыхый куралдар менен салгылашуунун сюжеттери даярдалган базада болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

