«Ортеке» бийи ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилиши мүмкүн. Учурда бул маселени уюмдун адистери иликтеп жатышат. Казактын элдик бийи тууралуу кабарчыбыз айтып берет. Ортеке — казак куурчак өнөрүнүн башталышы. Бирок анын тарыхы тууралуу так илимий маалыматтар жок. Мисалы, калпакчылар арасында «так-теке» деген ат менен кеңири белгилүү. Ал эми Данияр Жалкабаев бул куурчак алгач балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн ойлоп табылганын айтат.
Данияр Жалкабаев, ыклас элдик музыкалык аспаптар музейинин кызматкери:
Бул алгач балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн ойлоп табылган. Домбыра аспабында ойногон адам ортоңку бармагына кайырмак илип алат. Асты жагында механизм бар. Ошондуктан күүчү домбра черткенде тоо текелер секирип, композициянын ыргагы менен бийлейт.
Анын технологиясын жасоонун өзүнүн жолу бар. Ортекенин таягычы жыгачтан жасалып, бетине оюм-чийим түшүрүлөт. Таягычтын ортосуна темир зым менен таякча орнотулат. Зымдын эки учу ийилип, бирине куурчак, экинчисине жип бекитилет. Дагы бир айта кетчү нерсе, куурчакты жасоодо кайың, терек, четин сыяктуу дарактары колдонулат.
Ермек Жасыбаев, Казакстан мамлекеттик борбордук музейинин ага илимий кызматкери:
Бул дүйнөлөрдү сал сери дегендер колдонушкан. Алар талаанын театр искусствосунун өкүлдөрү десек да болот. Алар айылдарды кыдырып, элдин көңүлүн көтөрүшкөн. Ортеке бийдин ЮНЕСКОнун тизмесине кириши чоң окуя болот. Бул өз кезегинде чет элдик көрүүчүлөрдүн салттуу музыкалык жана театралдык искусство менен таанышуусуна шарт түзөт.
Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун тизмесине Аргентинанын танго жана өзбектердин лазги бийлери кирген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков