Казакстанда салттуу «Франкофония жазы» фестивалы башталды

Казакстанда салттуу «Франкофония жазы» фестивалы башталды

Кино көрсөтүүлөр, концерттик программалар, сынактар жана көргөзмөлөр. Казакстанда 15 - ирет уюштурулуп жаткан «Франкофония жазы» фестивалы башталды. Масштабдуу иш-чаранын алкагында эки айдын ичинде ар кандай маданий-агартуучулук программалар көпчүлүктүн назарына сунушталат. Алар француз тилин жана француз маданиятын жайылтууга басым жасашат. Ошондой эле белгилүү француз артисттеринин өнөрүнө күбө болууга мүмкүнчүлүк бар. Чын куран айынын аягында Джереми Тернанын джаз тобу Караганды менен Алматыда гастролдоп сапар жасайт. Адаттагыдай эле иш-чаранын башкы көркөм сынагы уюштурулат. Анын жеңүүчүлөрүнө баш байге-Парижге эки авиа билет берилет. Ошондой эле иш-чаранын коноктору француз тилиндеги тасмалардан жана салттуу француз тамактарынан даам татышат.

Сильван Гиоге, Франциянын Казакстандагы элчиси:

- Казакстандык балдарды «Оскар» сыйлыгын алган «Агын» анимациялык тасмасын жана белгилүү француз актрисасы Сара Бернардын кинодолбоорун көрүүгө чакырам. Астана ресторандарында өтө турган гастрономия жумалыгында салттуу франкофон ашканасынан даам татууга болот. Казакстан менен француз тилин илгерилетүү боюнча мамилебиз өнүгүүдө. Аны колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү багытында Казакстан  чоң колдоо көрсөтүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков