Казакстанда теке айынын биринчи жекшембиси Домбра күнү белгиленет. Казактын улуттук аспабы 7-жыл катары менен өзгөчө белгиленүүдө. Бул жолу өлкөнүн ар кайсы аймактарында концерттер уюштурулуп, залкар композиторлордун белгилүү чыгармалары, элдик күүлөр топтун аткаруусунда сунушталат. Кош кылдуу аспап боюнча расмий маалыматтар биринчи жолу 14-кылымда жарык көргөн. Бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган эң эски домбралардын бири Астанадагы Евразия улуттук университетинде сакталып турат. Экспонат Ата домбра деп аталат. Ал тарыхый маанисине байланыштуу университеттин музейиндеги Култегин атриумуна коюлган.
Тамара Кожамкулова, ЕУУ жазуу тарыхы музейинин жетекчиси:
– Белгилүү окумуштуу Каржаубай Сарткожа Түрк таануу жана алтай таануу борборунун мудүрү. Бул домбраны Алтайдан түп нускасын алып келди. Домбра дубалда өз калыбында илинип турган. Өзүнүн формасын жоготпой бизге келип олтурат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков