«Репрессия жана Ахмет Байтурсын уулу». Анкарада улут устатынын 175 жылдыгына карата эл аралык конференция өттү. Иш-чарага түбү бир түрк коомчулугунун алаш таануучулары жана түрколог окумуштуулар катышты. Атап айтканда, Хажы Байрам университетинин, Казакстандын Түркиядагы элчилигинин, Евразия жазуучулар союзунун жана «Кыр баласы» коомдук фондунун өкүлдөрү жолугушту. Анда тил реформаторунун эркиндик үчүн күрөшү, тил тармагына кошкон салымы, эмгектери тууралуу сөз болду. Муну менен катар, алаш таануу илимине опол тоодой салым кошкон окумуштуулар сыйланып, “Улут мектебинин жүрөгү – Ахмет Байтурсын уулу” аттуу китеп жергиликтүү элге тартууланды.
Нергиз Бирай, Памуккале университетинин профессору:
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн көбүндө репрессия болгон. Алардын ичинен эң көп жабыр тартканы казак улуту. Арасында Ахмет Байтурсын уулу сыяктуу улуу инсандар бар. Окумуштуулар катары биздин милдет – алардын ойлорун, эмгектерин келечек муунга түшүндүрүү. Жашоо принциптери жөнүндө ар тараптуу маалымат берүү. Биз бул инсандарды түрк дүйнөсүнүн агартуучусу деп эсептейбиз. Ушул өңүттөн алганда бүгүнкү иш-чаранын мааниси чоң.
Түмен Сомунжуоглу, Хажы Байрам университетинин профессору:
Түрк окурмандарына арналган бул китепте Ахмет Байтурсын уулунун өзү талдаган 14 макаласы камтылган. Аларды Нергиз Бирай, Гүлжанат Эржиласун, Елдос Токтарбай жана Заңгар Каримхан иштеп чыгышкан. Китепти окуган адам, Алаш ордо пикири жана сейрек кездешүүчү архивдик маалыматтар менен тааныша алат.
Кошумчалай кетсек, улут мугалиминин мааракесине карата Алматы шаарында иш-чара уюштурулду. Анда Ахмет Байтурсын уулу чыгармаларынын 12 томдук жыйнагы тааныштырылды. Китеп 3000 нуска менен чыгып, бардык республикалык деңгээлдеги китепканаларга таратылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков