Аскердик-тарыхый миниатюраларды астаналык модель жаратат

Аскердик-тарыхый миниатюраларды астаналык модель жаратат

Согуш тарыхынын миниатюрасы. Тамашалуу салгылашууларды, эпикалык кармаштарды, баатырларды жана алардын фронттогу эрдиктерин Астаналык модельст диорама менен жаратат. Серик Абдрахмановдун коллекциясында 35ке жакын эмгек бар. Башында жөн гана хобби жана тарыхка болгон кызыгуу катары башталган, эми бул кесипке айланды.

Серик Абдрахманов, Казакстан Улуттук музейинин илимий кызматкери:

- Баары пластилинден башталган – ар кандай жоокерлерди, фигураларды жасачумун. Ушунун баары моделдөө, диорама сыяктуу искусствонун түрүнө алып келди. Биринчи фигураларды, албетте, сатып алчумун. Кээде өзгөртүп да жасачумун. Материалы пластик болчу. Мен эки компоненттүү шыбак колдоном. Ал пластилинге окшош, бир сааттын ичинде кургайт, оңой боёлот, суу негизиндеги акрил боёктору менен. Кээде колдо бар каражаттарды да колдонууга туура келет – бул тиш чукугуч, картон, дарактардын бутактары, кандайдыр бир тамырлар болушу мүмкүн.

Чебердин иштерин жаратууга бир жумадан бир нече айга чейин убакыт кетет. Көбүнчө деталдаштырууга көп убакыт кетет. Мисалы, каармандын жүзүн кайра жаратуу эң татаал жана көп эмгекти талап кылган процесстердин бири. Масштаб 1ге 35, ал эми беш сантиметрлик фигуранын башына көздөрдү, кулактарды, ар бир бырышты чагылдыруу керек. Даярдоодо тарыхый сүрөттөр, кинокадрлар, схемалар, карталар, аңгемелер, саякатчылардын очерктери жана ардагерлердин эскерүүлөрү колдонулат. Астаналык моделчинин эмгектери Казакстанда, Түркияда, Тажикстанда жана Нидерландыда сакталат. Ошондой эле Астананын Аскердик-тарыхый музейинде да бар.

Алмас Идрисов, Аскердик тарыхый музейдин улук кызматкери:

- Жакшы моделист. Жакшы жагы – ал техниканы жөн эле тийиштүү түстө боёп, тийиштүү жерге коюп койбостон, бул моделдин, бул диораманын артында чыныгы окуя турат. Адам кичинекей нерсеге көп убакыт коротушу мүмкүн, анткени ал бул моделдин тактыгына, реализмине кызыкдар болот.

Которгон: Назира Бегалиева