К. Токаев кинорежиссер Тимур Бекмамбетовду кабыл алды

К. Токаев кинорежиссер Тимур Бекмамбетовду кабыл алды

Казак кинематографиясын өнүктүрүүнүн келечеги Касым-Жомарт Токаев менен режиссер Тимур Бекмамбетовдун жолугушуусунда талкууланды. Ошондой эле чыгармачыл тармакта адистерди даярдоо, ата мекендик киноконтенттерди көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү жана кинорежиссерлорду колдоо маселелери тууралуу пикир алмашышты. Тимур Бекмамбетов санариптик креативдүү индустриянын кесиптери боюнча салттуу адистерди кайра даярдоо боюнча долбоорду башка өлкөлөрдө ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүштү. Касым-Жомарт Токаев  “Кинематография жөнүндө” мыйзамдын маанилүү ролун белгиледи. Бул тармакты өнүктүрүүгө жана чет элдик адистерди тартууга шарт түзөт. Мындан тышкары, мамлекет башчысы ата мекендик кинематографияны мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен жаңылоо зарылдыгына токтолду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков